Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү жубайлар кармалышкан

2020-жылдын 12-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 19 жыштыгы Ж.И. арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарындагы такси кызматтарынын биринеде иштеп жатып, 12-декабрь күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында анын автоунаасына болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек бала менен кыз отурушуп, Ново-Павловка айылына жеткирип коюсун суранышкан. Айтылган дарекке жеткенден кийин автоунаадагы бала айдоочуну коркутуп, моюнуна жип салып, анын телефонун жана жанындагы 600 сом акчасын алышып, айдоочуну ташташып, окуя болгон жерден автоунаа менен из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнчка катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү автоунаа окуя болгон жерден анча алыс жерден табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарындагы соода комплексттердин биринин жанынан кармалышкан. Алар 1998-жылы туулган Б.С. жана анын жубайы 1995-жылы туулган Э.Н. аттуу жарандар болушкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *