Чүй ОИИББы: Аламүдүн районундагы эки баланы сабаган видео материал милиция тарабынан катталып, шектүүлөр кармалышкан

2020-жылдын 20-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына 19 жаштагы А.У. жана Ж.А. аттуу жарандар арыз менен кайрылышып, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 03:00 дөн 04:00 убакыт аралыгында Төмөнкү-Аларча айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз эркек кишилер менен пикир келишпестик жаралып, жыйынтыгында  арыздануучуларга кол көтөрүшүп, денесине залал келтиришкенин билдиришкен. Алган жаракаттарынан улам жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 49 жаштагы О.К. жана 23 жаштагы О.М. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *