Аламүдүн районунан унаа ууроого шектүү Нарын облусунан кармалган

2020-жылдын 31-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын биринен анын автоунаасын белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа Нарын шаарынан табылып, аны айдап барган 22 жаштагы К.Р. аттуу бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалымтар боюнча, шектүү бала Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын бирине жакында эле жумушка орношуп, окуя болгон күнү кардарлардын биринин унаасын Нарын облусуна айдап кетип калганы маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *