Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү 24- жаштагы И.Б. аттуу тургун кайрылып, ал 2022-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү Кемин районунун Жылтыр жайлоосунда белгисиз адамдар 150 миң сомдук жылкысын союп кетишкенин билдирген.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү катары Чүй ОИИББнын жана Кемин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан эки жаран кармалышкн. Алар 50-жаштагы Д.Н. жана 51-жаштагы Ж.А. аттуулар буга чейин да ушул сыяктуу кылмыштар боюнча соттолгону маалым болгон.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы