Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

 

2022-жылдын 11-майында Панфилов РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сот тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган С.А.нын өздүгү такталып  колго түшүрүлгөн.

Ал 2022-жылдын 24-мартында Панфилов райондук сотунун чечими менен өзүм билемдик фактысы боюнча иштин материалдарынын негизинде соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу издөөдө жүргөн.

Учурда кармалган жаран Панфилов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *