ИИМдин жана Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы «ТЕРРОРИЗМ ЖАНА ЭКСТРЕМИЗМге КАРШЫ» аталышында  лекцияларды өткөрүштү

 

2022-жылдын 12-майында ИИМдин жана Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматынын кызматкерлери биргеликте Жайыл РИИБдин өздүк курамына лекция өткөрүштү. Бул лекцияда Чүй облусунун аймагындагы терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү иштери талкууланды.

Андан соң ушул эле күнү райондун администрациясында, райондун окуучуларына да лекция уюштурулду. Иш-чарага Жайыл районунун акиминин орун басары А.Нурбеков, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, Жайыл районунун имам-хатиби Н.Өмүралиев жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери катышты.

Бул иш-чарада Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы тарабынан даярдалган слайд түрүндө материалдар көргөзүлүп, Кыргыз Республикасында тыюу салынган ар кандай агымдар  жана алардын идеологиясы алардын иш аракеттеринин өзгөчөлүктөрү менен катар адамдарды өздөрүнө тартуу жолдору жөнүндө кенен түшүндүрмө берилди. Социалдык тармактар аркылуу жаштардын экстремисттик жана террористтик топтордун катарына түшүнбөстөн кирип кетүү учурлары да баяндалды.

Бул иш-чарада Чүй облусунун аймагында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери жана ага каршы күрөшүүгө багытталган алдын алуу жолдору да талкууланды.

Чүй облустук ИИББ Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *