Чүй ОИИББдин кызматкерлерин арасында кичи футбол боюнча биринчилик  болуп өттү

2022-жылдын 10-июнунда Чүй облусунун Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча биринчилик  болуп өттү. Бул биринчилик Кант шаарындагы «Абдыш -Ата» спорт комплексинде   болуп, жалпы 12 команда байгелүү орундар үчүн  күч сынашты.

Спорттук иш-чараны Чүй ОИИББнын начальниги Сапар Асаналиев ачып, жалпы катышуучуларга бекем денсоолук каалоо менен таза оюн көрсөтүп мыктылар жеңишке жетишин айтып өттү.

Биринчилик курч мүнөздө болуп оюндун жүрүшүндө мыкты командалар иргелип жүрүп отурду. Турнирдин жыйынтыгы менен “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты чабуулчу”  номинацияларынын негизинде командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандалып алынды.

Командалык оюнда биринчиликти Аламүдүн РИИБдин курама командасы багындырса, экинчи орунду Чүй ОИИББнын Тез аракеттенүүчү атайын  отряды, үчүнчү орунду Масква РИИБдин командасы жетишип, төртүнчү орунду Ысык-Ата РИИБдин командалары багындырышып жеңүүчүлөр кубок, диплом, жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *