Ысык-Ата РИИБине У.М. аттуу жаранга чара көрүү жөнүндө арыздар келип түшкөн. Ал 2021-жылдын жай мезгилинде С.Б. аттуу жарандын жер тилкесине мамлекеттик акт жасатып берем деп 1 060 000 сомдон ашык акча каражатын алган жана 2022-жылдын апрель айында Т.А. аттуу жарандан 6 баш асыл тукум койду 180 миң сомга баалап алып, алардын акчасын кайтарып бербей же убадасын аткарбай изин жашырып кеткен.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1982-жылы туулган У.М. аттуу жарандын өздүгү такталып, издөө жарыяланган.
2022-жылдын 14-сентябрында издөөдө жүргөн У.М. аттуу жаран кармалып Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы