2022-жылдын 9-ноябрында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө, 1995-жылы туулган О.Т. аттуу жаран кайрылып, Шопоков шаарында жайгашкан дарыканадан 600 000 сомго барабар дары-дармектерди белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип 1999 жылы туулган Т.А., 1994-жылы туулган Д.Э. жана 1988-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандар кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы