Аламдүн районунун Маевка айылында “Укук тартиби” аталышында алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 10-декабрына чейин Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан “Укук тартиби”  аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышышты.

Рейд учурунда Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Маевка, Озерное, Мраморное, Пригородное жана Төмөнкү-Аларча айылындарындагы орто мектептин окуучуларына тартип бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле ден-соолукка зыян алып келчү нерселерден алыс болуу боюнча лекциялар окулду.

Андан сырткары Маевка айыл аймагындагы жарандарга тейлөө көрсөтүүчү жайлардын кожоюндары менен жолушуулар болуп анда жашы жете электерди иштетүү мыйзамга туура келбестиги боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн  иш-чара учурунда Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 100 дөн ашуун лекция, 5 тегерек стол, 45 алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна 7 материал жөнөтүлдү.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда ата-энеси чет өлкөгө иштеп кеткен 2 өспүрүм аныкталган. Аладын бири 2021-жылы туулган бөбөктү апасы кароодон баш таркандыгына байланыштуу балдар үйүнө өткөрүлүп берилген. Андан сырткары аз камсыз болгон эки өспүрүм баласы бар бир үй бүлө аныкталып, тиешелүү кызматтарга каттого алынган.

Алдын алуу рейд учурунда Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аз камсыз болгон 8 үй-бүлөгө азык-түлүк жана жылуу кийимдерден жардам берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *