Аламүдүн районундагы мектептеридин биринде болгон окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда окуучулардын бир нече ата-энеси мектеп мугалими бардарга кол көтөрүүсү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдиришкен. Ошол эле учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы видеого тартылган фактыны кылдат иликтөөнү айтышкан.

Бул факты боюнча РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана аталган орто мектептин администрациясы тарабынан, жогорудагы кайрылууну кароо боюнча, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучуларынын ата-энелери чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, видеодогу окуучу мугалимдин дарегине  карата орой сөздөрдү айткандыгы маалым болгон. Учурда, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.

Аталган факты Аламүдүн РИИБү тарабынан катталып, кылдат  териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуучулар тарабынан тартылган видео материал ишке тиркелген. Учурда ар тараптуу текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында окуянын катышуучуларына юридикалык баар берилет.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *