Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын сентябрь айында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш эки киши жана аялдар   Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушундагы жер тилкесине бизнес кылып жакшы каражат табууга мүмкүн деп арыз ээсин алдоо жолу менен ишендиришип, жер тилкесин алышып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Аламүдүн районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектелип Манас аэропортунан Бишкек шаарынын жашоочусу 37 жаштагы Н.Т. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Чүй ОИИББы жарандарга кайрылат: Эгерде кимде-ким бул жарандын кылмыштуу аракетинен жабыркаган болсо 102 номерине же төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Аламүдүн РИИБүнүн нөөмөт бөлүгү 0(312) 36-35-27, КМК 0(500) 69-30-69.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *