Аламүдүн районунда башка бирөөнүн жерин басып алууга шектелген жаран кармалды

2022-жылдын апрель айында А.С аттуу жеке ишкер, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан өзүнүн мекемесине тиешелүү жер тилкесин өзүм билемдик менен басып алган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Аламүдүн РИИБге кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинде каралган (Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы максаттуу багытты бузуу менен өз алдынча курулуш куруу) кылмыштын белгилери менен катталган.

Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1972-жылы туулган Р.Ж. кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга да катыштыгы текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *