Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды

 

2022-жылдын 14-апрелинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмчөсүнө 1973-жылы туулган Д.А., арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып жанындагы 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.А., жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.

Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *