Аламүдүн районунда кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү кармалды

2022-жылдын март айынын башында Аламүдүн РИИБүнө 1968-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылган. Анда арыздануучунун контейнеринин эшигин бузуп белгисиз бирөөлөр киришип, кийим тигүүчү машиналарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.  Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.

Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *