Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектелип анын бирге окуган классташы кармалды

2020-жылдын 24-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши дене жаракаттары менен түшкөндүгү тууралуу маалымат ички иштер органдарына келип түшкөн. Бул окуя боюнча Биринчи Май районунун ИИБдүн кызматкерлери чыгышып, териштирүү жүргүзгөн учурда окуя Маевка айылындагы көчөлөрдүн биринде эки кишинин ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыкканы маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн иш окуя болгон жери боюнча Аламүдүн районунун ИИБнө өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ооруканага жеткирилген жарандын өзүгү аныкталып, ал 34 жаштагы И.А. экендиги аныкталып, бирок ээсине келбей ооруканадан каза болгон. Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесине (Киши өлтүрүү) которулган.

Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 33 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, классташтар спирт ичимдигин ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, Маевка айылындагы автоунаа жуучу жайлардын биринен каза болгон жаран денесине ар түрдүү жаракаттарды алган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *