Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү кармалды

2020-жылдын 4-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Лебединовка айылынын 27 жаштагы жашоочусу З.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 4-февраль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында, бейтааныш адам күч колдонуп арыздануучунун телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Ош облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы Б.О. аттуу жаран кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *