Аламүдүн районунда уурдоого шектүүлөр

 

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бир нече уурдоого шектүүлөр кармалды.

Аламүдүн РИИБүнө жергиликтүү жашоочуларынан бир нече арыздар түшкөн. Анда белгисиз бирөөлөр алардын үйүнө трезе аркылуу киришип, сейф анын ичиндеги курал-жарктар, алтын буюмдарын, акча каражаттарын, фотоаппарат, шуба, ноутбук жана домофон аппараттарын уурдап кеткендигин билдиришкен.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган бир нече жолу соттолгон Ч.Б., жана О.М., кармалып камакка алынган.

Андан сырткары кармалган жарандар Сокулук аймагында да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалыматтар текшерилүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *