Аламүдүн районунда уурдоого шектүү кармалды

 

2021-жылдын ноябрь айында Аламүдүн районунун ИИБүнө Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-12 ноябрь күндөрү белгисиз дамадар тарабынан анын үйүнө тере аркылуу кирип, үч телевизор, бир комплект колонка жана эки коол саатын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана “Каракчылык-Тоноо” рейддик иш-чараларынын алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *