Аламүдүн районунда уурулукка шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

2020-жылдын 24-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына 22 жаштагы Таш-Дөбө айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 23-январь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, телефон, ноутбук жана электр буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 43 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн. Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 49 жаштагы И.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *