Аламүдүн районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

2020-жылдын 15-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Таш-Мойнок айылындагы дачанын 44 жаштагы жашоочусу А.Т. арыз менен кайрылып, 12-январда анын дачасынан белгисиз бирөөлөр курулуш шаймандарын жана суу өткөрүүчү түтүктөрүн уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн Аламүдүн районунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар уюштурушуп жыйынтыгында, Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 29 жаштагы К.Р. шектүү катары кармалган.

Териштирүү учурунда шектүү жаран Аламүдүн районунун аймагында дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жаран тергөө абагына камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Андан сырткары Кырман айлынын жашоочусу 15-январь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө арыз менен кайрылып, телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя Кыргыз Республикасынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча катталып, криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 17 жаштагы бала шектүү катары кармалган.  Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *