Аламүдүн районунун Беш күнгөй амактык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн капсула коюлду

2021-жылдын 9-декабрь күнү Беш-Күнгой аймактык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн анын пайдубалына капсула коюлду. Аталган иш-чарга Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев , Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нуриль Алымбаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев,  Аламүдүн райондук администрация башчысы Бактибек Анаркулов , Аламүдүн РИИБдүн начальниги Нурланбек Эркинбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Иш-чарада Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги тарабынан курулуш иштеринин планы тааныштырылып, эки кабаттуу имараттын курулуш иштери 2022-жыл ичинде аяктоо мерчемделгени белгиленди.  Учурда аталган курулуш иштери ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгы тараптан жүргүзүлүүдө. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев милиция кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу алардан натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө болоорун белгиледи. Ал эми имарат курулуп ишке кирген соң, тергөө кызматынан кызматкерлерди бул бөлүмчөгө жайгаштырып келечекте аймактык бөлүмчөдө тергөө ыкчам тобу жарандардан түшкөн кайрылууларды тейлөөнү ишке ашырууга ылайыктоо зарылдыгын Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев белгиледи.

Жергиликтүү тургундар коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери ар дайым элдин кызматында жүрүшкөнүн айтышып, Жаңы имараттарды куруу замандын талабы экенин кошумчалашты.

Эске сала кетсек, Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмчөсү жайгашкан имарат 2019-жылы Кой-Таш окуясы учурунда өрттөлүп, жараксыз абалда калган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *