Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

2018-жылдын 16-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 35 жаштагы А.Ч. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, анда “Эдик” аттуу таанышына карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2018-жылдын 16-январь күнү Кой-Таш айлынан жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен кирпич алып берем деп 45 000 сомун алып, ошол бойдон изин жашырып качып жүргөн.
Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы алдамчылыка шектүү катары Ош облусунун 33 жаштагы К.Э. аттуу жашоочусу кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда шектүүнү камака алуу чарасы көрүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *