Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери бир катар уурулук фактыларына шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашты

2017-жылдын 26-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 31 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 25-27-сентябрь күндөрүнүн ичинде белгисиз адамдар арыздануучунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнө терезе аркылуу киришип, үйүнүн ичинен ноутбугун уурдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга жалпы суммасы 20 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Аламүдүн районунун 28 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ушул сыяктуу башкы дагы 2 кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда кылмышкерге эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы көрүлгөн. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *