АЛАМҮДҮН РИИБНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ УУРУЛУККА ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫ КАРМАШТЫ

2018-жылдын 4-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Таш айылынын 47 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 3-февраль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында белгисиз адамдар жабырлануучунун соода дүкөнүнө киришип, кассада турган 10 000 сом акчасын жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген.
Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Аламүдүн районунун 30 жаштагы А.А. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *