Жайылда 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин “Отработка” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу, алдын алуу иштерин күчөтүү ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында бир катар иш чаралар болуп өттү.

Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте күн сайын коомдук жайларда алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Анда санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактабаган  23 коомдук жайга эскертүүлөр берилди.

Алдын алуу иш-чара учурунда аз камсыз болгон бир үй-бүлө аныкталып, ал боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. 20 мергенчилик менен алектенүүчүлөр текшерилип, буга чейин сотттолгон жарандар менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодекси боюнча 13 протокол түзүлдү.

Иш-чара учурунда коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандар текшерилип, кафелердин биринде 150 киши катышкан үлпөт той болуп жатканы аныкталып, бул боюнча санитардык эпидемиологиялык талаптар сакталбагандыктан тиешелүү кызматтар тарабынан акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 127-1-беренеси (Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу) боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

Криминалдык милиция кызматы тарабынан буга чейин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталаган кылмыш ишинин бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *