Жайыл райондук милиция кызматкерлери мечит имамдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын планын аткаруу максатында, 2021-жылдын 14-декабрында Жайыл районунун ИИБнын жетекчилиги жана кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү.

Бул жолугушуунун максаты – экстремисттик аракеттердин укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу, жарандар арасында жана өзгөчө жаштар арасында радикалдык идеялардын жайылышына жол бербөө.

Белгилей кетсек, имамдардын бул багыттагы алдын алууда ролу чоң, анткени алар күн сайын мечитке келген адамдар менен жолугушуп турушат.

 

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *