Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 32-жаштагы Э.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ишенимине кирип, 20 миң сомдук «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Жайыл районунун ИИБнүн КБР  КР Кылмыш-жазык кодексинин  (эски редакция) 204 (Алдамчылык) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл районунун ИИБнын Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 32- жаштагы К.А. аттуу аял киши кармалып,тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *