Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 10-мартында Жайыл РИИБүнө 1955-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда тааныш киши анын ишенимине кирип 2020-жылы 1 баш бодо малын жана 17 баш майда жандыктарын карызга алып, бир жылдан кийин кайра ошончо баш малды кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин малдарды кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

“Бандит” рейди учурунда Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, ИИОго жеткирилген. Териштирүү учурунда ал КР ИИМдин ыкчам алдын алуу каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *