Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирүү  менен шектүү кармалды

 

2022-жылдын 11-апрель күнү Жайыл РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык оорукандандан телефон чалуу болуп, 1982-жылы туулган  Б.В. атту жаран бычактан алган жараактынан улам жаткарылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган Т.Н., кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *