Жайыл районунда күйөөсүнө бычак сайды деген шек менен аялы кармалды

2020-жылдын 17-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, бычактан алаган жаракатынан улам Сосновка айылынын 32 жаштагы жашоочусу С.А. келип түшүп, өзүнө келбей ооруканын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгондугу тууралуу мааымат келип түшкөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 29 жаштагы жубайы А.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө бирге алкоголдук ичимдик ичип отурушуп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында аялы күйөөсүнүн моюн тарабына бычак менен жаракат келтирип, күйөөсү ооруканадан каза болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш  иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *