Жайыл районунун жашоочусу жергиликтүү милицияга ыраазычылыгын билдирди

Жайыл районунун жашоочусу Ш.Ж. аттуу аял Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине алардын ичинен Мурзаев Токтосун жана Ажыбеков Азамат аттуу кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирүү үчүн,  Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына кайрылган. Ал 22 жаштагы кызын колундагы баласы менен дайынсыз болуп жаткан учурда аз убакытын ичинде алардын жүргөн жерлерин аныкташып, таап беришкенин билдирген.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, И.К. аттуу жаран анын синдисин колундагы бөбөгү менен алып качып кеткендигин билдирип, дайынсыз болуп жаткан синдисин издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы келин күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин Жайыл районунда өзүнүн эжесинин үйүндө жашап жүргөн. Январь айынын аягында сиңдиси дайынсыз жок болуп кеткенде аны мурдагы жолдошу алып качып кетүүсү мүмкүн деген ойдо эжеси ИИОго арыз менен кайрылган. Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын негизинде, келиндин жүргөн жери такталып, ал баласы менен Токмок шаарында мурдагы күйөөсүнүн үйүндө болгон. Териштирүү учурунда күйөөсү аны алып качпаганын айтып, өз эрки менен барганын билдирип, убагында туугандарына кабарлап коюну унутуп калганын айткан. Тергөө кызматы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылган.

Кызынын аман-эсен табылганына кубанган аял милиция кызматкерлеринин жумушуна болгон жоопкерчиликтерин жана кесипкөйлүктөрүн жогору баалап, жардамга муктаж болуп турганда кызматкерлердин жасаган мамилелерине ыраазы болуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин атына ыраазычылык катын жазганын билдирип, милиция кызматкерлеринин арасында өз жумуштарын берилүү менен аткарган кызматкерлердин арбын экенине күбө болгонун кошумчалады.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *