Жайыл районунун милиция кызматкерлери дайынсыз болгон кыздарды аз убакытта таап беришти

Үстүбүздөгү жылдын 25 январь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы И.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 23-январь күнү 20 жаштагы Х.Г. жана 15 жаштагы Х.Н. аттуу кыздары Новониколаевка айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен боюнча кайрылып келбегендигин билдирип, өздөрү издеп таба албай койгондуктан, кыздарды издешүүгө көмөктөшүүнү суранганып ИИОго кайрылышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга көрсөтмөлөр берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери колго алынган.

Кыздарды издөө үчүн Жайыл районунун ИИБдүн өздүк курамына багыттамалар берилип, алардын тааныштары, кыздардын жакын достору суралып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки саат убакыт ичинде дайынсыз болгон кыздардын жүргөн жери такталаган.

Милиция кызматкерлери  тарабынан кыздар ата-энелерине аман-эсен тапшырылып берилген.

Териштирүү учурунда алар ушунча убакыт ичинде Жайыл районундагы курбу кызынын үйүндө болушканы маалым болгон. Кыздарга алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *