Жайыл РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иш-чараларын өткөрдү

 

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлеринин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын өткөрүүнүн алкагынында Жайыл РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Чынгыз Керимкулов Ново-Николлаевка айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолгушууга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышкан. Иш-чарада жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар, милициянын көчмө кабылдамасы менен өктөрүлгөн жолугушуулар андагы чечилеген маселелер тууралуу маалымат берилип, андан сырткары үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү күчүнө кирген кодекстер боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер РИИБдүн жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынып, тургундарга Кыргыз Республикасынын Президентинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын арзандатуу, ошондой эле дайкандарды жана фермерлерди үстөк пайызы аз  насыялар менен камсыздоо боюнча жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *