ИИМдин 3 айдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму өтүүдө

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өтүүдө.
Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек ШИИББнын райондук башкармалыктарынын, Чүй ОИИББнын шаардык, райондук бөлүмдөрүнүн жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышууда.
Ал эми калган ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышып жатышат. Жыйында үч маселе каралат: Ички иштер органдарынын 2024-жылдын 3 айынын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Улуттук пландын” аткарылышы жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуудагы көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы.
Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин жыл ичинде аткарган иштерине токтолду. “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, ушул айдын башында кезексиз коллегия өткөрүп, жер-жердеги жетекчилерге карата кардиналдуу чечим кабыл алдык. Кечээ жакында, дагы бир коллегия өткөрүп, ушундай эле чечим кабыл алдык. Өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткара албаган айрым жетекчилер жана алардын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Аны менен бирге, ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртуу максатында кээ бир ички иштер башкармалыктарынын башчылары ротацияланды. Жооптуу жетекчилерди ээлеген кызмат орундарынан бошотуу жана ротациялоо боюнча кадамдар ушуну менен токтоп калбайт. Ар бир учурдун талабына жана ыкчам-кызматтык абалга жараша ушундай чечимдер кабыл алынып турат.
Эң негизгиси, элге ак кызмат өтөп, Ички иштер министрлигинин талаптарын так аткарууну колго алыңыздар. Жаңы багыт, жаңы көз караш менен алдыга жигердүү кадам таштап, коомдун кызматында эмгектениңиздер деген каалоо-тилектерди билдиребиз. “Элдин ишеними” деген бийик нерсени жоготпой, аны туруктуу сактоо үчүн күнү-түнү талыкпаган аракеттерди жасаңыздар.
Кызматка жаңы дайындалган бардык жетекчилер, кыска мөөнөттө жакшы жетишкендиктерди көрсөтүңүздөр. Себеби, ишмердикти жакшылап түшүнүп алсын, талаптар менен таанышып чыксын деп күтүп отурганга бизде убакыт жок.
Ар бириңиздердин жетиштүү тажрыйбаңыздар жана чечкиндүү позицияңыздар бар. Өзүңүздөрдү иштерман жана эмгекчил жетекчи катары көрсөтө алсаңыздар, алкышка ээ болосуздар, ишмердикти жөндөй албасаңыздар, анда ишенимди актай алган жок деген негизде тиешелүү чаралар көрүлө турганын эскертебиз. Берилген мүмкүнчүлүктү эл үчүн талыкпай кызмат өтөөгө колдонуңуздар демекчимин.
Колегиянын жүрүшүндө Улан Ниязбеков ИИМ элдин коопсуздугуна байланышкан бир катар пландарды ишке ашырууга жетишкенин билдирди. “Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дагы бир баскычка жогорулай алдык. Себеби, санарип тармагы боюнча орнотулган видео-камераларды, элди ыкчам тейлөө үчүн алынган автоунааларды жана күжүрмөн керектөөчү каражаттарды колдонуу менен 1-чейректе катталган кылмыштардын санын алты жарым пайызга төмөндөтө алдык. Элдин турмуш-тиричилигине терс залакасын тийгизген факторлорду жоюу үчүн жана коомчулук арасында ар түрдүү чуулгандуу окуяларды алдын алуу багытында конкреттүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыктык.
Элге сервистик тейлөө көрсөтүү, жарандардын коопсуздугун чыңдоо, жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү боюнча жылдын башынан бери 200гө жакын автоунаа алып, жер-жердеги ички иштер органдарына таратып бердик.
Ошентип, ыкчамдыкты жакшыртып, элди сапаттуу сервистик тейлөөгө жаңы шарттарды түздүк.Былтыр 1-чейректе жардам сурап кайрылган жарандар 48 миң 115 адамды түзгөн болсо, быйыл 38 миң 261 адамды түзүп, 9 миң 854 чакырууга азайды.
Бул көрсөткүч, профилактика иштеринин жакшырышынан жана бөгөт коюу жумуштарынын ыкчамдыгынан кабар берет. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында республика боюнча бети ачылбаган оор жана өзгөчө оор кылмыштар жокко эсе деп айтсак болот.
Эл аралык кызматташтык боюнча жаңы мейкиндикти камтыган келишимдерге жана биргелешкен долбоорлорго жетиштик.Анын алкагында, быйылкы жылы дагы бир катар заманбап техникаларды, автоунааларды, жаңы программаларды жана керектөөчү каражаттарды алып, ишке киргизебиз.Ички иштер органдарынын туруктуу өнүгүшүн жана коомго сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн мындан ары да жакшыртуу боюнча эл аралык полиция кызматтарында алдыңкы катарда турган атайын технологиялык каражаттарды алууга жетиштик.
Мамлекеттик деңгээлдеги бир катар массалык-маданий иш-чаралар учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, одоно тартип жана мыйзам бузууларга жол берген жокпуз. Милиция менен коомдун ортосундагы ишенимди чыңдап, кылмыштуулукка жана ар түрдүү укук бузууларга жеринде бөгөт коюп, аларга шарт түзгөн кесепеттерди жоюу максатында республиканын баардык аймактарында “Улуттук пландын” талаптарына ылайык, форумдарды өткөрдүк.
Бул иш-чараларды дагы улантабыз. Кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, 33 объектиде курулуш иштерин баштадык. Алардын ичинде, ички иштер органдарынын имараттары эле эмес, кызматкерлердин балдары үчүн бала-бакчалар да бар. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар ушуну менен токтоп калбайт, аларды андан ары улантып, натыйжалуу жетишкендиктерге жетебиз”-,деди ИИМ башчысы.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *