ИИМ: Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган иштери боюнча маалымат берди

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жер-жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, 2024-жылдын башынан тартып эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети, Коопсуздук Кеңеши тарабынан койгон жана ошондой эле ИИМдин жетекчилиги тарабынан аныкталган стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча, ага улай өлкөбүздүн аймагындагы коомдук-саясий жана криминогендик абалдын туруктуулугун сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүктү аткарып келгендигин билдирди.
“Алардын ичинде, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын ыкчам жайгаштыруу аракеттерин көрүү, кылмыштуулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюу, кылмыштардын бетин ачуу, укук бузуучулуктун себебин жана алардын келип чыгуу шарттарын аныктоо маселелери аткарылды.
Жалпы өлкө аймагындагы, анын ичинде айрым аймактардагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо үчүн, ички иштер органдарынын өздүк курамы өткөрүлгөн бардык иш-чараларга тартылгандыгын жана ички иштер органдары өлкө боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого, кылмыштардын алдын алууга жана мыйзамдуулукту орнотууга багытталган иш-чараларды толугу менен аткарып жаткандыгын жана ички иштер министрлиги бир катар олуттуу жетишкендиктерге жетише алгандыгын белгиледи.
Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары статистикалык маалыматтарга токтолуп, Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматына ылайык, 2024-жылдын 3 ай аралыгында республика аймагында жалпы укук коргоо органдары тарабынан 11 миң 624 кылмыш иши козголгон.
Анын ичинен 10 миң 714 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы козголгон кылмыш иштеринин 92,2 пайызын түздү, ал эми анын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 45,0 пайызды түзгөн”,-деди Адылбек Бийбосунов.
Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары ички иштер органдарынын биринчи чейрек ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтер менен кемчиликтерге токтолуп жана криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында бир катар негизги багыттарды белгилеп, кемчиликтерди тез арада жоюу керектигин тапшырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *