Кемин районунда алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 25-27-ноябрь күндөрү “Бродяга” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган  иш-чаранын максаты көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда жүргөн үйсүз жарандардын суукка тоңуп калуусун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкулдөрү менен биргеликте уюштурулган. Анда коомдук жайларда кайыр сураган жарандарды аныктап, аларды атайын приюттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да да катышып, өспүрүмдөр арасында кризистик абалда жашаган балдарды аныктоо жана аларды атайын балдар үйлөрүнө жайгаштыруу иштери жургүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда Кемин районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан 2 базар, 6 колдонулбай калган имараттар жана башка коомдук жайлар текшерилип, ИИОго 25 жаран жеткирилип алар менен тиешелүү кызматтар жумуш алып барышты. Андан сырткары 15 жаш өспүрүм менен алдан алуу иштери жүргүзүлдү.

Ар бир жаран социалдык абалына карабастан, алардын ар кандай кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу үчүн мындай иш-чаралар Чүй облусунун баардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *