Кемин районунда кымбат баадагы жабдууларды уурдашкан жарандар

2018-жылдын 17-январь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Орловка шаарында жайгашкан жеке иш-каналардын биринин башкы директору арыз менен кайрылып, кымбат баадагы жабдууларын бейтааныш адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Окуя болгон жерге Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, ишкананын кеңсесинде турган кымбат баалуу жабдууларын уурдап кеткени аныкталган. Ишканага келтирилген зыяндын өлчөмү 6 990 000 сомду түзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кемин районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, далил буюмдарга экспертиза дайындалган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн комплекстүү ыкчам-издөө иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталган. Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, анын көрсөтмөсү менен ушул кылмышка тиешеси бар башка жарандар кармалышкан. Алар мурда “уурулук” боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган 27 жаштагы К.Э. жана 24 жаштагы С.Т. аттуулар болушкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган буюмдардын көпчүлүгү Орловка шаарына жакын жерге жашырылган жеринен табылган. Ал эми калган бөлүгү Бишкек шаарындагы базарлардын бирине сатылып кеткен жеринен кайтарылып алынган. Кармалган жарандар Кемин районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *