Кемин районунда “Укук тартиби” аталышындагы иш-чара болуп өттү

 

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында рей иш-чаралары байма-бай өткөрүп келет. Бул жолу Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан 11-декабрына чейин “Укук тартиби” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү.

Рейд учурунда Кемин РИИБдүн кызматкерлери үйлөрдү кыдыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары автоунаа уурулуктарын алдын алуу боюнча иштер жргүзүлүп, эски буюмдарды жана темир-тезектерди сатып алуучу жана кайра өткөрүүчү жайлардын ээлери менен уурулук кылымыштарын биргеликте алдын алуу боюнча жумуштар өткөрүлдү. Буга чейин ар түрлүү тартип бузуп, ИИОнун кызматкерлери тарабынан каттого алынган 20 жаран менен жолугушуу болуп профилактикалык иштер алып барылды, андан сырткары буга чейин жаза өтөп боштондука чыгышкан 10 жаран менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Район аймагында жаштар чогулуучу жайларда текшерүүлөр болуп, 30 дан ашуун ок атуучу куралдын ээлери менен курал жарактарды сактоонун эрежелерин туура аткаруу боюнча түшүндүрүлдү.

Иш-чара учурунда уурулукка байланыштуу эки кылмыш ишинин бети ачылып, өспүрүм балдар менен 10 дон ашуун алдын алуу иштери болуп өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *