2022-жылдын 7-апрель күнү Кемин РИИБүнө 1969-жылы туулган Ш.С. арыз менен кайрылып, 7-апрель күнү саат 12:00 чамасында белгисиз аял тарабынан анын дүконүнөн кийип кечектерин уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын катто китебине катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.