Кемин районунда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери улантылууда

2021-жылдын 6-декабрь күнү Кемин районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө иинспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктарды жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чарада Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн тартип бузууларды алдын алууга багытталган лекциялар окулулуп, мектеп окуучуларынын сууроолоруна жооптор берилди. Андан сырткары өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен жолугушуулар болуп, өспүрүмдөр бош учурларда эмне менен алектенип жатышкандыгы тууралуу ата-энелер кабардар болуусу жана аларга ар дайым көзөмөл кылуу зарылдыгы айтылды.

Алдын алуу иш-чара учурунда дүкөндөрдүн жана башка соода кылуучу жайлардагы сатуучулар менен жолугушуулапр болуп, өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай алдын алуу иш-чаралары Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *