2024-жылдын 25-апрелинде Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Орловка шаарынын №2 орто мектебинде окуучулары арасында уруш болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, аталган маалыматтын негизинде Кемин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен.
Кемин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып төмөндөгүлөрдү аныктаган.
2024-жылдын 25-апрелинде Орловка шаарынын №2 орто мектебинде тестирлөө өткөрүлүп, тестирлөөгө Кемин районунун Чым-Коргон, Алмалуу, Кызыл-Суу, Самансур айылынын жана Орловка шаарынын №1, №2 орто мектебинин 9 -11-класстын окуучулары катышышкан.
Тестирлөө учурунда Чым-Коргон айылынын А.Казакбаев атындагы орто мектебинин жана Орловка шаарынын №1, №2 орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары өз ара келишпестиктен улам уруша кетишкен. Тестирлөө учурунда коомдук тартипти жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүргөн милиция кызматкерлери тарабынан жаңжал токтотулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок окуучулардын ата-энелери балдарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, эч кимге нааразычылктары жок экенин билдирип арыз жазуудан баш тартышкан.
Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы