Москва районунда уурулукка шектүү кармалды

Москва районунун ички иштер органдарына Беловодск айылынын бир нече жашоочулары  арыз менен кайрылышып белгисиз бирөө буюмдарын уурдап жатканын билдиришкен. Алардын бири автоунаасынан акча каражатын, телефонун жана документтерин уурдатганын билдирсе, бири үйүнүн алдынан велосипедин жоготконун айтышкан. Дагы башкасы курулуш материалдарын жана баалуу буюмдарын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдиришкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмыштарга шектелип Чүй облусунда туулуп өскөн А.Н. аттуу жаран кармалган. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *