2022-жылдын 7-март күнү Москва районунун ИИБдүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан коомдук жайларда жана коомдук транспорттордо чөнтөк уурулуктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чара өткөрүлдү.
Анда коомдук транспорт каражаттарынын айдоочулары, маршруттук каттамдардын бригадирлери жана жүргүнчү ташыган такси айдоочулары менен жолугушуу уюштурулуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарада айдоочуларга жана маршруттук каттамдардын бригадирлерине райондук ИИОнун телефон номерлери жазылган 150 дөн ашык эскертмелер таркатылды. Ошондой эле фермерлер жана жергиликтүү жашоочулар менен жүргүзүлгөн иш-чараларда уурулук кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кеңештер берилди.
Мындай иш-чаралар Москва районунун баардык айылдарында жүргүзүлмөкчү.