Москва районунун милиция кызматкерлери мечиттердин имамдары жана жарандар менен жолугушуу иштерди жүргүзүштү

 

2021-жылдын 7-декабрь күнү Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери район аймагында мечиттеридин имамдары менен жолугушууларды өткөрүшүп, мечитке барган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда Москва РИИБдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан экстремисттик агымдар жана башка мыйзамсыз аракеттерге барган фактылар жана алар үчүн каралаган кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө маалыматтар айтылды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын идеологияларын калк арасында жайылуусуна жол бербөө маселелери талкууланып, милиция кызматкерлери мечиттерге барган жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *