Москва РИИБнын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү «Өспүрүм-Түн» аталышында рейддик иш-чара өткөрүштү

 

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен ар кандай профилактикалык түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Үстүбүздөгү жылдын  Апрель айынын 15нен 17не чейин Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен «Өспүрүм-Түн» аталышында профилактикалык рейд өткөрүлдү.

Рейдди Москва райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана райондун социалдык коргоо өкүлдөрү биргеликте жүргүзүшүп ага ылайык райондогу коомдук  жайлар: кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, унаа жуучу жайлар, автобекеттер жана парктар текшерилген.

Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жыйынтыгында ИИБнын кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин (Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу) негизинде 8 протокол түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете элек бир өспүрүм профилактикалык эсепке алынып, 2 жашы жете элек өспүрүм билим берүү мекемесинде окубагандыгы аныкталган. Мындан тышкары түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 20дан ашык жашы жете элек өспүрүм ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, профилактикалык сүйлөшүүлөрдүн негизинде ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Рейддин жыйынтыгында, Москва РИИБнын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан жашы жете электердин иштери боюнча комиссияга 10 материал жөнөтүлгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *