Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрам уюштурулду

 

Бүгүн 3-декабрь “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө” карата Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылындагы жайгашкан «Максат» реабилитациялоо борборунда тарбияланган бөбөктөргө Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышты.

Алар Максат балдар борунундагы тарбияланган балдарга жана ал жердин эмгек  жамаатына ошондой эле ата-энелерге  каалоо тилектерин айтыштышып атайын арнаган белектерин тапшырышты.

Аламүдүн РИИБдүн жетекчилигинин демилгеси менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата демөөрчүлөр табылып, “Максат” борборунда тарбияланган 70 ге жакын балдарга жетиштүү матрац, жаздык, төшөк жана алардын бөлмөлөрүнө салганга килемдер, кийим кечектер, татуулар жеткирилди. Иш-чарада ошол эле демөөрчүлөр балдарга арналган оюн-зоок концерттик программа көрсөтүшүп, мындагы балдарга кубаныч тартуулашты. Бүгүнкү иш-чарага ортоктош болуп, коомдун аярлуу катмарлары үчүн камкордук кылышкан демөөрчүлөр кайрымдуулук иштерди кылуу үчүн Максат борборуна аларды алып келген Аламүдүн РИИБдүн жетекчигине ыраазычылыктарын айтышып, ар бир бала балалыктын бактылуу доорун татыктуу өткөрүүсүнө тилектештигиин билдиришти.

Аламүдүн РИИБү тарабынан ар бир майрамдарда, колдон келген жардамдар аталган балдар үйүнүн тарбиялануучуларына көрсөтүлүп келет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *