Оң рулдуу унаалар жүздөгөн кыргызстандыктардын унаасы гана болбостон, тынымсыз талаш-тартыштарды, талкууларды жаратууда. Оң рулдуу унаалар кырсыкка көбүрөөк кабылабы же жокпу?

Оң рулдуу унаалар жүздөгөн кыргызстандыктардын унаасы гана болбостон, тынымсыз талаш-тартыштарды, талкууларды жаратууда. Оң рулдуу унаалар кырсыкка көбүрөөк кабылабы же жокпу

Кыргызстанда оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда алда канча аз, бирок алар жол кырсыгына көп кабылышат.

2022-жылдын 3 айында эле Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн талдоого караганда, өткөн жылдардагыдай эле жол кырсыктары оң рулдуу унаалардын катышуусунда көп катталган.

Жалпысынан оң рулдуу унаалардын катышуусунда 102 жол кыймылынын кырсыгы катталса, анын 78си  оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон,  анда 16  адам каза болуп,  221 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Ал эми бул статистика үстүбүздөгү жылдын 3 айына гана тиешелүү.

“Адамдын жашоосу биринчи орунда” экендигин эсибизден чыгарбайлы!

 

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *