Панфилов райондук милициясы тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзгөн жана уурулукка шектүү жарандар кармалышты

2020-жылдын 16-ноябрь күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын 44 жаштагы байкесин Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталаган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу алган жаракаттарынан улам эсине келбей аймактык ооруканадан каза болгону маалым болгон.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп,  эки күндүн ичинде жогорудагы окуяга шектелип 44 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, автоунаасы унаа токтотуучу айып жайына токтотулган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Андан сырткары Панфилов районунун ИИБдүн кызматкерлери  тарабынан уурулук фактысына шектүү жаран кармалып, ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексининин 90-беренси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *