Панфилов районунда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларын улантууда

2024-жылдын 24-26-апрелинде Панфилов РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында алдын алуу иш-чарасын жүргүзүшүүдө.
Иш-чаранын максаты өспүрүм балдардын коопсуздугун камсыздоо, аларды сейрек жашоого үндөө, ар кандай укук бузуу жана кылмыштуулукту, мектеп рэкетин, топтошуп мушташууну алдын алуу.
Бул иш чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле түшүндүрүү иштери каттоого алынган жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *